АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Профессор Р.Б.Абсаттаровго КРПМБАнын Ардактуу Профессору наамы ыйгарылды

24.05.2019

Бүгүн көрүнүктү казак элинин окумуштуусу, Абай атындагы улуттук педагогикалык университетинин профессору Абсаттаров Раушанбек Боромбаевичке Билим берүүдө жана бир катар бирдиктүү коомдук-белгилүү иш-чараларды өткөрүүдө, лидерлердин натыйжалуу муундарын даярдоого кошкон салмактуу зор салымы үчүн КРПМБАнын Ардактуу Профессору наамы ыйгарылды. Профессор Абсаттаров Р.Б. ондон ашык илимдин докторлорун жана кандидаттарын, азыркы мамлекеттик башкаруу системасында иштеп жаткан көптөгөн кадрларды дайындап чыгарган жана элибиздин өз ара достук мамилесин чыңдоого салымын кошкон инсан. Ал өз сөзүндө КРПМБАнын жамаатына ыраазычылык билдирип, өзүнүн жеке ишмердиги тууралуу токтолуп мындан ары да илимий кадрларды даярдоодо тыгыз кызматташуусун улай турганын айта кетти.