АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар үчүн квалификацияны жогорулатуу окуу курстары боюнча пресс-релиз

10.06.2026

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025 - жылдын 26 - сентябрындагы №841-т тескемесин аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы (мындан ары - Академия) 2026 - жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу боюнча Мамлекеттик заказды ишке ашырууда бекитилген План-графикке ылайык үстүбүздөгү жылдын 19 - январынан баштап бүгүнкү күнгө чейин Академиянын базасында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мамлекеттик жарандык кызматчылары жана муниципалдык кызматчылары үчүн квалификацияны жогорулатуу окуу курстарын өткөрүп келүүдө.

2026-жылдын 5-июнунан 10-июнуна чейинки «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү концепциясы. «Уңгужол (Доктрина) “Национальный дух - мировые высоты», «Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик»” аталышындагы квалификацияны жогорулатуу окуу курсунун 2-тайпасына Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин мурдагы орун басары Жанузакова Кыял Байышевна тренер катары тартылып, төмөнкү негизги темалар боюнча окуу өткөрүлүүдө.

Негизги темалар:

  • Кыргыз Республикасында жарандык иденттүүлүктүн калыптануу жана өнүгүү этаптары
  • Кыргыз Республикасында жарандык иденттүүлүктүн саясий-укуктук негиздери
  • Кыргыз Республикасында жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу саясатынын негизги артыкчылыктары (приоритеты)
  • «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүүдө мамлекеттик институттардын жана жарандык коомдун ролу
  • «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик»: Кыргыз элинин салттуу жана заманбап баалуулуктары; жарандардын салык маданиятын жана каржылык сабаттуулугун жогорулатуу
  • Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн идеологиялык негиздери жана принциптери
  • Жарандардын өз ден соолугуна жана дене тарбиясына жоопкерчиликтүү мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу;
  • Жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу (пропаганда) жана анын саясатын калыптандыруу