АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

КРПМБАнын окутуучуларын өздөрүнүн видео сабактарын иштеп чыгуу боюнча воркшоптон өтүштү

23.11.2019

23.11.2019 ж.  КР ПМБАда окутуучулар үчүн тажрыйбалык семинар өткөрүлдү. Ал Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель фондунун каржылык колдоосунда уюштурулган. Иш чарада Германиядан келген психолог, ишкерлик жана билим жаатында Карстен Мертенс Тажрыйбасы менен бөлүштү. Семинардын максаты мугалимдер дидактикалык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып,өздөрүнүн видео сабактарын даярдоого жол көрсөтүү. Трениндин жүрүшүндө мугалимдер окууга байланыштуу видео сабактарды даярдоо процесси менен кенен таанышышты. Иш чаранын соңунда ар бир катышуучу өзүнүн сабагы боюнча видео материал даярдады. Аны мындан ары практикалык иштеринде колдоно алышат. Тренингдин соңунда окутуучулар атайын сертификаттарга ээ болушту.