АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар үчүн квалификацияны жогорулатуу окуу курстары боюнча пресс-релиз

10.06.2026

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025 - жылдын 26 - сентябрындагы №841-т тескемесин аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы (мындан ары - Академия) 2026 - жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу боюнча Мамлекеттик заказды ишке ашырууда бекитилген План-графикке ылайык үстүбүздөгү жылдын 19 - январынан баштап бүгүнкү күнгө чейин Академиянын базасында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мамлекеттик жарандык кызматчылары жана муниципалдык кызматчылары үчүн квалификацияны жогорулатуу окуу курстарын өткөрүп келүүдө.

2026-жылдын 5-июнунан 10-июнуна чейинки «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү концепциясы. «Уңгужол (Доктрина) “Национальный дух - мировые высоты», «Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик»” аталышындагы квалификацияны жогорулатуу окуу курсунун 1-тайпасына Академиядан тренер катары саясий илимдеринин кандидаты, доцент жана Кыргыз Республикасындагы "Кыргыз жараны" жарандык иденттүүлүгүн калыптандыруу саясаты" окуу куралынын авторлошу Дүйшө кызы Нуржан тартылып, төмөнкү негизги темалар боюнча окуу өткөрүлүүдө.

Негизги темалар:

  • Кыргыз Республикасында жарандык иденттүүлүктүн калыптануу жана өнүгүү этаптары
  • Кыргыз Республикасында жарандык иденттүүлүктүн саясий-укуктук негиздери
  • Кыргыз Республикасында жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу саясатынын негизги артыкчылыктары (приоритеты)
  • «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүүдө мамлекеттик институттардын жана жарандык коомдун ролу
  • «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик»: Кыргыз элинин салттуу жана заманбап баалуулуктары; жарандардын салык маданиятын жана каржылык сабаттуулугун жогорулатуу
  • Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн идеологиялык негиздери жана принциптери
  • Жарандардын өз ден соолугуна жана дене тарбиясына жоопкерчиликтүү мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу;
  • Жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу (пропаганда) жана анын саясатын калыптандыруу