АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Жумушчу сапардын жыйынтыгы боюнча маалымат

09.06.2026

2026-жылдын 3-5-июнунда мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлерди окутууда облустук университеттердеги жасалып жаткан иш-чаралардын  жүрүшү менен таанышуу үчүн,  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын 1-проректору У.Ш.Айтбаев, бөлүм башчысы К.К.Алышбаев,  сапат жана менеджмент боюнча жетектөөчү адиси Н.К.Расулова Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында иш сапарында болуп келишти.

 

Иш сапардан жүрүшүндө, жогорку окуу жайларда мамлекеттик  жана муниципалдык  кызматчыларды кайрадан окутуу  жана квалификациясын жогорулатуу боюнча  окуу курстарынын сапаттуу өтүшүнө, окутуучулардын курстарды окутууда, анын эффективдүүлүгүн жогорулатуу багытында жасалып жаткан иштерине  мониторинг жүргүзүлүп жана жалпы курстарды өткөрүүдө иш чаралардын аткарылышы, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен  биргелешип жасалып  жаткан  уюштуруу иштери менен  таанышышты.

 

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын губернаторлорунун орун басарлары менен жолугушуу болду. Жолугушууда,  облустардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлерди окутууга тартылышына көмөк көрсөтүп, мамлекеттик администрация жана айыл өкмөт башчыларына, шаарлардын мэрлерине тиешелүү тапшырмаларды берип, аткарылышын көзөмөлдөп берүү жагы дагы бир жолу суралды.

 

Ош, Жалал-Абад мамлекеттик университеттеринин ректору, проректору, КУУ Баткен институтунун директору менен жолугушуу болуп, окутуу жана квалификацияны жогорулатуу  курстары план-графиктерге  ылайык өткөрүлүп жаткандыгы, окутууну уюштурууга жана  өткөрүүгө карата жогорку  окуу жайлары өз деңгээлинде көмөк көрсөтүп жаткандыктары белгиленди.

 

Жолугушуу учурунда төмөндөгүдөй  сунуштар айтылды:

-облустардын  район, шаарларында   окутуу курстарынын санын көбөйтүп, аны  уюштурууга көмөктөшүү;

-угуучуларды окутуу курстарына  тартууда иштөө тармагына жана адистигине жараша топтоо, бул багытта ишти уюштуруу мамлекеттик органдардын  жана ЖӨАБОнын жетекчилери тарабынан көзөмөлдөө ;

-жергиликтүү кеңештин депутаттарын окутуу программасын иштеп чыгып, аларды окуу курстарына тартуу;

- “Жасалма интелект” багытында окуу программасын киргизүүнү карап чыгуу;

-региондорго академия  тарабынан эксперттерди/тренерлерди  жөнөтүү суралды.

 

Иш сапардын алкагында Академиянын 1-проректору мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик күнүнө карата жана мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларды окутууда жана квалификациясын жогрулатууда кошкон салымдары, үзүрлүү эмгеги үчүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарытынын жооптуу кызматчыларына, жогорку окуу жайларынын өкүлдөрүнө Академиянын Ардак грамоталарын тапшырды.