АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тутумун уюштуруу" курсу

22.05.2026

Мамлекеттик заказдын алкагында 2026-жылга бекитилген план-графикке ылайык, 12-майынан 20-майына чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Баткен институтунун базасында Баткен облусу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тутумун уюштуруу" курсу өткөрүлдү. Курсту өтүүгө КРПМБАнын тренери Курманова Гулназ Сейитказиевна тартылып, бекитилген программага ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө ченемдик укуктук актылардын ченемдерин туура аткаруу, практикада ишке ашыруу,  санариптештирүү, кызматкерлердин өзүн алып жүрүүсү, “бирдиктүү терезенин”  иштөөсү, проактивдүү кызматтар жана кызмат көрсөтүүдө дүйнөлүк тажрыйба боюнча маалыматтар окутулду.