АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

ЖЕРГИЛИКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯ БАШЧЫЛАРЫ – АКИМДЕРИ ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫ (15-апрель)

15.04.2026

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы 2026-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу боюнча Мамлекеттик заказдын алкагында Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары – акимдери үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарынын үчүнчү күнү программага ылайык адаттагыдай эле эртең менен башталды.

Квалификацияны жогорулатуу курстарынын жүрүшүндө:

  • КР Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын экономика илимдеринин доктору, КР Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын бөлүм башчысы Т.Дж. Саякбаев – “Коррупциянын алдын алуу жана кызматтык жүрүм-турумдун этикалык нормаларын сактоо”;
  • КР Президентинин Администрациясынын Стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы – башкармалыктын начальнигинин орун басары О.Э. Капалбаев – Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн стратегиялык негизи катары "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" доктринасы боюнча;
  • КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы М.К. Мураталиев – Уңгужол: мамлекеттик тил багыты боюнча;
  • КР Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын эксперти А.Дж. Орозбаева – “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта гендердик жактан инклюзивдүү жана сезимтал кадр саясатынын принциптери” аттуу темаларда баяндамалар жасалып жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары менен биргеликте кызыктуу талкуулар жаралды.

Программадан сырткары кошумча суроолор боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдардан чакыртылган өкүлдөр: КР Финансы министрлигинин У.А. Абдихамитов; КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдор башкармалыгынын башчысы А.Т.Чойбеков;  КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Э.Н. Джантаев, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Ж.Дыйканбаевдар жетекчилердин суроолоруна толук кандуу жооп беришип жаралган маселелер боюнча маалымат ала алышты.