АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Кара-Балта шаарындагы «Мамлекеттик башкаруудагы санариптештирүү» курсу

27.03.2026

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025 - жылдын 26 - сентябрындагы №841-т тескемесин аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы (мындан ары - Академия) 2026 - жылга Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды окутуу боюнча Мамлекеттик заказды ишке ашыруунун алкагында бекитилген План-графикке ылайык, 2026-жылдын 16-мартынан 19-мартына чейин Кара-Балта шаарынын Маданият үйүнүн имаратында «Мамлекеттик башкаруудагы санариптештирүү» темасында квалификацияны жогорулатуу курсун өткөрдү. Курстун окутуучусу Акжолов Алтынбек Акжолович. Окуу курсуна 9 угуучу төмөнкү мамлекеттик жана муниципалдык органдардан келип катышышты:

  • Чүй облусунун Москва районунун Нарзан айыл өкмөтү,
  • КР Билим берүү министрлиги,
  • Чүй облусунун Жайыл районунун Ынтымак айыл өкмөтү,
  • КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги,
  • Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айыл өкмөтү,
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы,
  • Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо айыл өкмөтү,
  • КР Финансы министрлиги.

Курстун максаты - мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жаатында билим жана практикалык көндүмдөрдү берүү, анын ичинде заманбап технологияларды колдонуу, процесстерди автоматташтыруу жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн санариптик чечимдерди киргизүү. Окутуунун алкагында угуучулар мамлекеттик башкарууну санариптештирүүнүн негиздерин, анын ичинде автоматташтыруунун жана жасалма интеллекттин заманбап технологияларын колдонууну өздөштүрүштү.

Башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн санариптик инструменттер жана аналитикалык платформалар, ошондой эле башкаруу процесстерин болжолдоо жана оптималдаштыруу үчүн маалыматтарды талдоо ыкмалары изилдешти. Киберкоопсуздук, жеке маалыматтарды коргоо, электрондук документ жүгүртүүнүн принциптери жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн санариптик мамлекеттик кызматтарды киргизүү механизмдерине өзгөчө көңүл бурулду.