АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Жалал-Абад облусунда кенже топтордогу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар окутуудан өтүштү

24.03.2026

Мамлекеттик заказдын алкагында 2026-жылдын 9-мартынан 19-мартына чейин Жалал-Абад облусунда квалификацияны жогорулатуу курсу болуп өттү. Окутуу “Административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын кенже топтогу кызмат ордуна биринчи жолу дайындалган кызматчылар үчүн кайра даярдоо” программасынын негизинде уюштурулду.

Курстун алкагында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Адам ресурстарын башкаруу жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, улук окутуучу Акматова Анара Толкунбековна лекцияларды өткөрүп, кызматчылардын кесиптик көндүмдөрүн жогорулатуу багытында иш алып барды.

Аталган иш-чара 2026-жылга бекитилген план-графикке ылайык, ишке ашырылды.