АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

«Административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын улук топторуна биринчи жолу дайындалган кызматчылар үчүн кайра даярдоо ку?

17.03.2026

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы №841-т тескемесин аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы (мындан ары – Академия) 2026-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу боюнча Мамлекеттик заказды ишке ашырууда бекитилген План-графикке ылайык үстүбүздөгү жылдын 19-январынан баштап бүгүнкү күнгө чейин Академиянын базасында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мамлекеттик жарандык кызматчылары жана муниципалдык кызматчылары үчүн квалификацияны жогорулатуу окуу курстарын өткөрүп келүүдө.

 

2026-жылдын 4-мартынан 18-мартына чейинки «Административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын улук топторуна биринчи жолу дайындалган кызматчылар үчүн кайра даярдоо курсу» аталышындагы кайра даярдоо программасынын окуу курсуна төмөнкү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын 15 кызматкери (угуучусу) катышты:

 

  • КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги;
  • КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;
  • КРнын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү; КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
  • КРнын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;
  • КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;
  • КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы;
  • КРнын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги;
  • КРнын Саламаттык сактоо министрлиги;
  • КРнын Жогорку сотунун аппараты.

 

Курстун тренерлери: юридика илимдеринин кандидаты Алымкулова Садыгуль Адылбековна жана саясий илимдеринин кандидаты, доцент Базакеева Кундузгуль Жаманчаевна.

 

Аталган курс 18-мартта жыйынтыкталмакчы.