АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

«Айыл өкмөтүнүн башчылары жана алардын орун басарлары үчүн квалификацияны жогорулатуу» курсу

17.03.2026

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы мамлекеттик заказдын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн кайра даярдоо курстарын улантып жатат.

Талас облусунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Талас кампусунда 16 угуучунун катышуусунда 2026-жылдын 2-мартынан тартып 5-мартына чейинки «Айыл өкмөтүнүн башчылары жана алардын орун басарлары үчүн квалификацияны жогорулатуу» курсу төмөнкү темалардын негизинде өткөрүлдү:

  • Аймактарды өнүктүрүүнү комплекстүү көп деңгээлдүү пландаштыруу механизмдери. Аймактарды өнүктүрүүнү мейкиндиктик пландаштыруу;
  • Өнүктүрүүнүн финансылык инструменттери (программалык негизде бюджеттер аралык максаттуу трансферттердин практикасы; жергиликтүү жамааттардын демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо);
  • Муниципалдык менчикти башкаруу;
  • Жергиликтүү деңгээлде инвестицияларды башкаруу;
  • Лидерлик сапаттарды жана команданы башкаруу көндүмдөрүн өнүктүрүү;
  • Жарандардын кайрылуулары жана коомдук демилгелер менен иштөө;
  • Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциялары;
  • Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү ыкмаларын колдонуу тартиби;
  • Санариптик сабаттуулук (электрондук башкаруунун түзүмү, электрондук башкаруунун архитектурасы, санариптик форматта башкаруунун негиздери);
  • Жашыл экономиканы өнүктүрүү. Климаттын өзгөрүшү жана анын таасири.

Курстун тренерлери: Медетов Бектур, Абдыкадыр уулу Нурболот, Марат уулу Узак.