АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

«Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги долбоордук мамиле» окуу курсу

16.03.2026

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы №841-т тескемесин аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы (мындан ары – Академия) 2026-жылга КРнын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу боюнча Мамлекеттик заказды ишке ашырууда бекитилген План-графикке ылайык үстүбүздөгү жылдын 19-январынан баштап бүгүнкү күнгө чейин Академиянын базасында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мамлекеттик жарандык кызматчылары жана муниципалдык кызматчылары үчүн квалификацияны жогорулатуу окуу курстарын өткөрүп келүүдө.

2026-жылдын 10-мартынан 18-мартына чейинки «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги долбоордук мамиле. Инфраструктураны өнүктүрүүгө жеке инвестицияларды тартуу инструменти катары мамлекеттик-жеке өнөктөштүк» аталышындагы квалификацияны жогорулатуу окуу курсуна төмөнкү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын 16 кызматкери (угуучусу) катышууда:     

  • КРнын Агартуу министрлиги;
  • КРнын Экономика жана коммерция министрлиги;
  • КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги;
  • Бишкек шаарынын мэриясы;
  • КРнын Улуттук статистика комитети;
  • КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы;
  • КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги;
  • КРнын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги;
  • КРнын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү.

Курс экономика илимдеринин кандидаты, доцент Алыбаева Гульдаана Джапаркуловна жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директорунун орун басары, эксперт Данилбеков Улан Данилбекович тарабынан өткөрүлүүдө.

Аталган курс 18-мартта жыйынтыкталмакчы.