Нарын облусундагы «Айыл өкмөт башчылары үчүн квалификацияны жогорулатуу» курстары
02.03.2026
Мамлекеттик заказдын алкагында 2026 жылы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу курстарын өткөрүүгө бекитилген план-графикке ылайык «Айыл өкмөт башчылары үчүн квалификацияны жогорулатуу» курстары киргизилген.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдырахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу Академиясынын уюштуруусунда Нарын облусунда өткөрүлүүчү «Айыл өкмөт башчылары үчүн квалификацияны жогорулатуу» курстарын Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Нарын кампусунун окутуучусу, Агрардык менеджменттин магистри Мамырбаев Адилет Кылычбекович 2026-жылдын 9-февралдан 12-февралга чейин төмөнкү темалардын негизинде өткөрдү:
- ЖӨБ системасында башкаруучулук чечимдерди жана аналитикалык документтерди даярдоо;
- региондордун заманбап комплекстүү СЭӨ принциптери;
- аймактардын өнүгүүсүн көп деңгелдүү комплекстүү пландаштыруу механизмдери;
- аймактарды мейкиндик өнүктүрүүнү пландаштыруу;
- өнүгүүнүн каржылык инструменттери жана программалык негиздеги бюджеттер аралык максаттуу трансферлер практикасы;
- жергиликтүү жааматтардын демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо;
- жергиликтүү бийлик органдарынын ишиндеги долбоордук ыкма;
- муниципалдык ишкана түзүү жана башкаруу;
- лидерлик сапаттарды жана команда башкаруу жөндөмдөрүн өнүктүрүү;
- муниципалдык мүлктү приватизациялоо ыкмаларын колдонуу тартиби;
- ЖӨБ системасында башкаруучулук чечимдерди жана аналитикалык документтерди даярдоо;
- стратегиялык пландоо жана команданы (аппаратты) натыйжалуу башкаруу;
- санариптик сабаттуулук (электрондук башкаруунун түзүмү, электрондук башкаруунун архитектурасы, санарип форматта башкаруунун негиздери);
- жашыл экономиканы өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшү жана анын таасири;
- тайм-менеджмент жана жетекчинин ишиндеги ролу.
Видеону бул жерден көрө аласыздар (ссылка: https://www.facebook.com/share/v/17FQw91ZWY/)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)

