АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

«Орусия жана Чеченстан делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөр» аттуу оюн-тренинги

05.02.2026

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ГУЭССм-1-24 жана ГУЭУРм-1-24 топтордун магистранттары «Конфликттерди башкаруу» окуу курсунун алкагында орус-чечен согушун жөнгө салууга багытталган, тактап айтканда, 1996-жылдын 31-августундагы сүйлөшүүлөргө арналган «Орусия жана Чеченстан делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөр» аттуу оюн-тренингге катышышты.

Студенттер тараптардые өкүлү болгон командаларга бөлүнүп, айрымдары ошол мезгилдеги саясий ишмерлердин ролдорун аткарышты. Мындан тышкары, дагы бир топ БУУнун өкүлдөрү катары иш алып барышты.

Тренингдин ар бир катышуучусу курч маселелер боюнча мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөр кандай тартипте өтөрүн иш жүзүндө түшүнө алды. Билим берүү процессинде мындай салттуу эмес практикалык куралдарды колдонуу студенттерге экстремалдык кырдаалдардын психологиясына терең түшүнүгө мүмкүнчүлүк берерин, бул курстун окутуучусу, саясий илимдердин доктору, профессор Төрөгелдиева Бактыкан Макишевна белгиледи.

«Бул ыкма жарыяланган официалдык позициялар менен чыныгы кызыкчылыктардын айырмасын түшүнүүгө жардам берет, ошондой эле студенттердин өзүн-өзү уюштуруу жөндөмүн жана жоопкерчилик сезимин калыптандырат. Ошону менен бирге стратегиялык ой жүгүртүү жана ар бир сөздү таразалап айтуу канчалык маанилүү экенин үйрөтөт. Мындай тренингдер конфликттер жөнүндө теориялык билимдерди «булчуң эс тутумуна» айландырып, аны саясатта гана эмес, ар кандай татаал бизнес же башкарууда да керек болот», – деп белгиледи профессор.

Магистранттар болсо бул практикалык ыкма аларга дипломатиянын маанилүүлүгүн жана сүйлөшүүлөрдө аналитикалык, ошондой эле сабырдуу мамиле жасоонун зарылдыгын түшүнүүгө жардам бергенин айтышты.

Видеону бул жерден көрө аласыздар (ссылка: https://www.instagram.com/reel/DUVV790jFOq)