АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, сүрөтчү С.К.Токтоев менен чыгармачылык жолугушуу

17.09.2019

2019-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунда профессордук-окутуучу курам жана студенттер менен Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, сүрөтчү Токтоев Сталбек Кулисович менен жолугушуу болуп өттү. С.К.Токтоев – пейзаж жана портрет жанрларында, көркөм таланттуу сүрөтчү катарында мүнөздөлөт. Эл аралык, бүткүл союздук жана республикалык конкурсттардын жана көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Анын эмгектери Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде жана алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө жеке жыйымдарда сакталып келет. С.К.Токтоев бир нече музыкалык аспаптарда ойнот, ошондой эле элдик ооз эки чыгармаларга кызыгат.

Жолгушуу учурунда С.К.Токтоев өзүнүн өмүр баяны, эмгектеринин жаралышы, эне-тилине бологон сүйүүсү тууралуу сөз кылды. Студенттер активдүү катышып, көптөгөн суроолорду узатышты. Жигитке 70 өнөр аздык кылат дегендей, сүрөтчү агайыбыз комуз да чертип берди.

Педагогика теорияларыны негизинде, жаштардын таланттуу адамдар менен жолугушуулары, көркөм өнөр, элдик оозеки чыгармалар менен аралашуусу алардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрөт жана дени сак коомдун өнүгүүсү катарында маанилүү шарт болуп саналат.

Бул иш чара “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30 жылдыгынын алгагында өткөзүлүүдө.