АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

ШКУнун соода-экономикалык ишмердүүлүгүн укуктук камсыздоо боюнча форуму

01.07.2025

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын Укук жана философия кафедрасынын окутуучулары ШКУнун соода-экономикалык ишмердүүлүгүн укуктук камсыздоо боюнча форумуна катышты.

2025-жылдын 17-18-июнунда Шанхай шаарында (Кытай) ШКУнун экономикалык жана соода-укуктук кызмат көрсөтүүлөр форуму болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын Жусуп Абдрахманов атындагы Укук жана философия кафедрасынын башчысы Камил кызы Гузел, ошондой эле кафедранын окутуучулары Таштандиева А.Р. жана Абакова Г.Т. катышышты.

Форум Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) алкагында эл аралык кызматташтыкты укуктук жактан камсыздоонун актуалдуу маселелерин талкуулоо, катышуучу-өлкөлөрдүн юрист эксперттеринин тажрыйба алмашуусу, ошондой эле укуктук чөйрөдөгү кызматташтыкты бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болуп калды.

Академия өкүлдөрүнүн форумга катышуусу эл аралык академиялык жана профессионалдык кызматташтыкты кеңейтүүгө, профессордук-окутуучулар курамынын квалификациясын жогорулатууга жана кафедранын илимий потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.