АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы жана Тескемеси менен тааныштыруу

10.06.2025

2025-жылдын 9- июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын Президенти  Жапаров Садыр Нуркожоевичтин кол койгон Жарлыгы жана Тескемеси менен тааныштыруу иш чарасы болуп өттү.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Базарбаев Кудайберген Базарбаевич жана Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын өкүлү Бакаев Азат Джумгалбекович Акматалиев Алмазбек Акматалиевичти берген арызына ылайык,  ээлеген кызмат ордунан бошотуу тууралуу  Кыргыз Республикасынын Президенти  Жапаров Садыр Нуркожоевичтин кол койгон Жарлыгы жана  Калчакеева Айгюль Муратовнаны академиянын ректору болуп дайындалуусу  боюнча Тескеме менен академиянын профессорлук окутуучулук курамын жана жалпы кызматкерлерин тааныштырышты.

 

Академиянын жалпы жамааты Акматалиев Алмазбек Акматалиевичке ыраазычылык билдирип, каалоо тилектерин айтуу менен бирге сый-урмат менен узатышты.