АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

"Кыргыз Республикасындагы конституционализм: азыркы абалы жана өнүгүү келечеги" деген темада юридикалык форум

22.05.2025

2025-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жана өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайлары менен өнөктөштүктө "Кыргыз Республикасындагы конституционализм: азыркы абалы жана өнүгүү келечеги" деген темада юридикалык форум өткөрдү.

Иш-чаранын максаты Кыргыз Республикасындагы конституционализмдин өнүгүү маселелерин, укуктук билим берүүнү жана агартууну өркүндөтүү маселелерин талкуулоо үчүн кесиптик диалог аянтчасын түзүү болгон.

Форумдун ачылышына төмөнкүлөр катышты:

  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору Абдиева Адиля Ильясбековна;
  • Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев;
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Карим Ханджеза;
  • Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Джамиля Джаманбаева;
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов жана башка мамлекеттик органдардын, илимий жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү.

Иш-чаранын алкагында үч тематикалык сессия өттү:

  • 1-сессия. "Норма чыгаруу процессиндеги конституционализм: көйгөйлөр жана келечек" — Жогорку Кеңештин Аппаратынын, Президенттин Аппаратынын, Юстиция министрлигинин өкүлдөрүнүн, ошондой эле тиешелүү окуу жайларынын окутуучуларынын катышуусунда;
  • 2-сессия. "Укук колдонуу практикасындагы конституционализм: көйгөйлөр жана келечек" — Башкы прокуратуранын, Адвокатуранын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин академиясынын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда;
  • 3-сессия. "Билим берүү жана агартуу ишмердүүлүгүндөгү конституционализм: көйгөйлөр жана келечек" — талкуунун борборунда конституциялык укуктун негиздерин окутуу жана конституциялык баалуулуктарды билим берүү программаларына интеграциялоо маселелери Юстиция министрлигинин, Адвокатуранын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда болду.

Форумдун негизги милдеттеринин катарында төмөнкүлөр белгиленди:

  • Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндөгү актуалдуу чакырыктарды талкуулоо;
  • Бийликтин ар кандай бутактарынын, сот системасынын жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрүнүн ортосунда пикир алмашуу;
  • Конституциялык баалуулуктарды окутууга жана жайылтууга бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгуу.

Уюштуруучулар бардык катышуучуларга конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдиришти жана мындай эксперттик аянтчаларды үзгүлтүксүз негизде өткөрүүнү улантуу ниетин билдиришти.