АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Академияда биздин мекендештерибиз менен жолугушуу болуп өттү

22.08.2019

Бүгүн 22-августа Академияда Башкирия Республикасынан келген биздин мекендешибиз э.и.к., РБнын ардактуу экономисти Бүбүкан Кушубакова, жолдошу ф-м.и.к. Ражап Юмагужин жана Москва шаарынан келген коомдук ишмер Бегиева Джамилахан Абжашовна менен жолугушуу болуп өттү. Башкириядан келген коноктор Академияга 2 томдук китеп тапшырышты. Биринчи китептин аталышы “История башкирских родов кыргыз” жана “История башкирских народов кыпчак”. Жалпысынан бул жыйнак 43 томдон туруп, башкирия элинин тарыхы жазылган жана бул долбоор Башкирия Республикасынын мамлекети тарабынан колдоого алынган. Берилген китептер ушул 43 томдун 2 тому болуп эсептелет. Окумуштуу Б.Кушубакова бул китеп илимий фактылардын негизинде Башкириядагы кыргыздардын тарыхы жазылган жана албетте бул китеп тарыхый изилдөөчүлөргө, аспиранттарга, деги эле жылпы окуурмандарга кызыгуу туудурат, деп белгилей кетти.

Ошондой эле жолугушуу учурунда сыртта жүргөн мигранттар, аларга жардам берүүнүн жолдору, кайра өз мамлекетибизге кайтып келгенге шарт түзүп берүү, алардын көйгөйлөрү жана башка маселелер талкууланып, кызыктуу маек куруп беришти. А Бегиева Джамилахан эжебизди биз активдүү коомдук ишмер, Россия элинин Ассамблеясынын президиумунун Мүчөсү, “Мекеним Ала-Тоо” колдоо көрсөтүү жана өнүктүрүү боюнча Борборунун төрагасы ж.б. көптөгөн сыйбелгилери бар инсан катары тааныйбыз. Академияга келип бул жолугушууну уюштуруп бергенине жалпы жамааттын атынан терең ыраазычык билдирип кетебиз!