December 2019

В АГУПКР СОСТОЯЛСЯ ПРЕЗЕНТАЦИЯ НАУЧНО ИССЛЕДОВАТЕЛЬСКОЙ КАФЕДРЫ ЮРИСПРУДЕНЦИЯ И ПРАВО
20 December, 2019 by Administrator
20.12.2019 г. в Академии государственного управления при Президенте Кыргызской Республики состоялась презентация Научно-исследовательской кафедры "Юриспруденция и право".
На презентации приняли участие профессорско-преподавательский состав, студенты, магистранты и аспиранты Академии.

КРПМБАда "ЮРИСПРУДЕНЦИЯ ЖАНА УКУК" ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ КАФЕДРАСЫНЫН ПРЕЗЕНТАЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ
20 December, 2019 by Administrator
2019-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында "Юриспруденция жана укук" илимий-изилдөө кафедрасынын презентациясы болуп өттү.
Презентацияга академиянын окутуучулар жамааты, студенттери, магистранттары жана аспиранттары катышты.

КРПМБАнун ректору А. Акматалиев ГУ-1-19, МСУ-1-19, МСУ-2-19 группаларынын магистранттары менен жолугушуу өткөрдү
18 December, 2019 by Administrator
18.12.2019–ж . Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев Мамлекеттик башкаруу (ГУ-1-19) группасынын жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ( МСУ-1-19,МСУ-2-19) группаларын магистранттары менен жолугушуу өткөрдү.
А.Акматалиев магистранттар менен жакындан таанышып, академияда түзүлгөн илимий изилдөө кафедралары тууралуу маалымат берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө магистранттар тарабынан берилген суроолорго А. Акматалиев жооп...

Улукбек Тойчубаевичтин ачык лекциясы КРПМБАда болуп өттү
17 December, 2019 by Administrator
17.12.2019-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кочкоров Улукбек Тойчубаевичтин "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан алып чыгуу жолдору" темасындагы ачык лекциясы болуп өттү.
Лекция учурунда министрликтин пилоттук программалары көрсөтүлүп, мугалимдер жана магистранттар тарабынан берилген суроолорго Кочкоров У.Т. жооп берип, кызыктуу талкуулар жүргүзүлдү.

Кочкоров У.Т. "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан алып чыгуу жолдору" темасындагы ачык лекциясы өткөрүлөт
17 December, 2019 by Administrator
17.12.2019 ж . Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кочкоров Улукбек Тойчубаевичтин "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан алып чыгуу жолдору" темасындагы ачык лекциясы өткөрүлөт.
(КРПМБАнын конференц-залы 400/1 саат-18:20) каалочулар үчүн эшик ачык