КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБА «Илимий-изилдөө иштери боюнча аралык отчетторун презентациялоо»  темадасында тегерек стол өткорүлдү

24.07.2026

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик Башкаруу Академиясынын «2026-жылга Мамлекеттик Буюртманын алкагында аткарылып жаткан илимий-изилдөө иштери боюнча аралык отчетторун презентациялоо»  темадасында тегерек стол өткорүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында 2026-жылдын 24-июлунда “2026-жылга Мамлекеттик Буюртманын алкагында аткарылып жаткан илимий-изилдөө иштери боюнча аралык отчетторун презентациялоо” темада тегерек стол болуп өттү. Ага министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, көз каранды эмес эксперттер жана КРПКМБА кызматкерлери катышты.

2026-жылга мамлекеттик келишимдин алкагында жүргүзүлүп жаткан илимий-изилдөө иштеринин (ИИИ) аралык жыйынтыктары ушул тегерек столдо угулду жана талкууланды. 2026-жылга изилдөө темаларынын тизмеси мамлекеттик башкаруунун актуалдуу милдеттерин, мамлекеттик органдардын тапшырмаларын жана 2026-жылга мамлекеттик келишимдин алкагында аткарылуучу буюртмалардын муктаждыктарын эске алуу менен түзүлдү.

Иш-чараны Академиянын ректору А.М. Калчакеева ачып, "Тегерек столдун максаты – 2026-жылга мамлекеттик буюртманын алкагында аткарылып жаткан илимий-изилдөө иштеринин (ИИИ) аралык отчетторун угуу жана ИИИнин аралык жыйынтыктарын кызыкдар тараптар менен ачык талкуулап, кийинки иштерге пикир, сунуштарды жана сунуштамаларды алуу болуп саналат", - деп баса белгилеп өттү. Ректор ИИИнин бенефициарлары төмөнкүлөр экенин белгиледи:

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентство;
  • Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
  • Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги;
  • Жусуп Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы.

КРПКМБА биринчи проректору Айтбаев У.Ш. өзүнүн куттуктоо сөзүндө 2026-жылга карата илимий-изилдөө иштерин аткаруу мерчемине ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тутумун өркүндөтүүгө багытталган колдонулма изилдөөлөрдүн тизмеси түзүлгөндүгүн белгиледи. ИИИ темалары мамлекеттик башкаруунун актуалдуу милдеттерин, мамлекеттик органдардын тапшырмаларын жана кардарлардын муктаждыктарын эске алуу менен иштелип чыккан. Изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мамлекеттик башкаруу, экономика, укук жана социалдык саясат жаатындагы эксперттер жана практиктер тартылды. Илимий жамааттардын жетекчилери болуп илимдин докторлору жана кандидаттары, ошондой эле мамлекеттик органдарда иш тажрыйбасы бар адистер саналат.” -деп сөзүн жыйынтыктады.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Усеналиева Б.С. куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү. Ал ИИИ аралык жыйынтыктарын мындай талкуулоонун актуалдуулугун белгилеп, бул изилдөө ишин өз убагында тууралап, координациялоого жана акырында сапаттуу изилдөөгө жетишүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи. Сунушталган илимий-изилдөө иштери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусун, мамлекеттик кызматын жана социалдык саясатын өркүндөтүүнүн актуалдуу маселелерин чечүүгө багытталгандыгына басым жасады.

Талкууну баштоо үчүн, илимий-изилдөө иштеринин аткаруучулары тарабынан төмөнкү темалар боюнча беш презентация сунушталды:

  1. Мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик буюртма боюнча окутууну пландоо, бюджеттөө методологиясын иштеп чыгуу;
  2.  Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоонун заманбап тутумун түзүү: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуулук көрсөткүчтөрү менен интеграциялоо;
  3.  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматында социалдык кепилдиктерди жана стимулдарды түзүү жана киргизүү тутуму;
  4.   Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин жергиликтүү аткаруу бийлик органдарынын деңгээлинде аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу: көйгөйлөр жана чечүү жолдору;
  5.  Социалдык кызматтарды борбордон ажыратуу, жеткиликтүүлүктү, багыттуулукту жана сапатты оптималдаштыруу фактору катары: реалдуу абалы, мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги.

Ар бир презентациянын жыйынтыгы боюнча өткөн талкууда министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле изилдөөнү өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча сунуштарын жана баамдарын  көз карандысыз эксперттер сүйлөштү.

Тегерек столдун катышуучулары сунушталган илимий-изилдөө иштеринин (ИИИ) темасы мамлекеттик артыкчылыктарга дал келээрин жана мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн практикалык сунуштарды иштеп чыгууга багытталгандыгын белгилешти. ИИИ жыйынтыктары ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү, кадр саясатын өнүктүрүү, заманбап башкаруу механизмдерин киргизүү, мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдоодо пайдалуу болот деген орток пикирге келишти.

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча, алынган бардык сунуштар жана ойлор аткаруучулар тарабынан алардын изилдөө иштерин улантууда, ишке ашырууда эске алынат.